www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тиешелүү буйругуна ылайык, Баткен облусунда милициянын бир катар жетекчилик кызматтарына жаңы дайындоолор жүргүзүлдү.

Ага ылайык, милициянын полковниги Айбашев Алмазбек Осконович Баткен ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.

Милициянын полковниги Тороев Улукбек Маматеминович Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалса, милициянын полковниги Канаев Улан Кубанычбекович Кадамжай РИИБдин башчысы кызматына дайындалды.

Жаңы дайындалган жетекчилерди өздүк курамга Баткен ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Улан Жукенов тааныштырды.

Ал жетекчилерге эл менен милициянын ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталган иштерди заман талабына ылайык жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, кызматтык милдеттерди жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.

Последние новости