www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салыктык көзөмөл учурунда мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды аныкташты.
Маалыматка ылайык, Scania үлгүсүндөгү консолидацияланган жүк ташуучу автоунааны текшерүүдө Skittles, M&M’s, Snickers, Mars жана Twix соода маркаларына таандык 263 куту кондитердик продукция табылган.
Алардын арасында жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товарлар да болгон.
Аныкталган продукциянын алдын ала баасы 2,5 миллион сомдон ашат.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Салык кызматы керектөөчүлөрдүн ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон мөөнөтү өтүп кеткен продукциялардын жүгүртүүгө чыгарылышына жол бербөө боюнча иштерди улантууда.