www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзамдардын жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн бир катар алмашуу бюролоруна карата чара көрдү.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 12–16-сентябрь аралыгында Бишкек шаарындагы төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензиялары убактылуу токтотулду:
«Кейжи 098» ЖЧКсы;
«Жетиген жана Ко» ЖЧКсы;
«Милан Эксчэйдж» ЖЧКсы;
«MEFF CASH» ЖЧКсы;
«Prestige Money A» ЖЧКсы;
«Grand Money» ЖЧКсы.
Мындан тышкары, 16-сентябрда «Interpay» эл аралык электрондук акча системасынын оператору катары «Interpay LLC» компаниясынын каттоосу жокко чыгарылды.
Бул чаралар Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.