www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын апрель айынан баштап мамлекеттик кызматты аркалап келе жатат. Тилекке каршы, ага болгон нааразычылык күч. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, жакынкы күндөрү Жаңы жылга жетпей ал кызматынан кетет. Ага себеп, өлкөнүн экономикасына салым кошо алган жок, салык салгандан башка идея ойлоп тапкан жок.
Эми коңшулаш мамлекеттерден мисал кылып сандык сапатты карап көрөлү. Кыргызстан — Борбордук Азиянын түштүк-чыгышында жайгашкан мамлекет. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан жана чыгыштан Кытай менен чектешет. Калкынын саны бир нече жыл мурун 6 млрдды түзгөн. Экономикалык өсүшү бечел калган баладай.
Өзбекстан — Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. Калкы - 33 639 900 адам. Экономикалык жактан өнүгүп, эң алдыңкы туристтик өлкөгө айланды.
Тажикстан – Орто Азиянын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Аянты 143,1 миң чарчы чакырым. Калкы 8 миллиондон ашуун. Үстүртөн караганда, жалпак сөз менен айтканда Рогун ГЭСин куруп бүткөнү калды.
Россия – Азия жана Европа континенттеринде жайгашкан өлкө. Калкынын саны 2015-жылы 146 267 288 адам болгон. Өнүгүү жагынан артта калган жок.
Ал эми бизге чектеш болгон Кытай тууралуу айта турган болсок, Борбордук жана Чыгыш Азиядагы мамлекет. Аянты 9,6 миллион чарчы чакырым (дүйнөдө Орусия жана Канададан кийинки 3-орунда). Калкынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат - 1,3 миллиарддан ашык. СССР тарагандан кийин Кытайга экономикалык өсүш жагынан бакыт кушу конгон.
Салыштыруу менен караганда, Кыргызстан алакандай гана мамлекет, суу ресурстарына бай, жаратылышы кооз, алтынга көмүлгөн мамлекет. Тактап айтканда, Россиянын бир гана облусу.
Тилекке каршы, өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери 30 жылга жакындап калганы менен өз кызыкчылыгын ойлогон «өлбөс-житпес Кощейлердин» айынан экономикалык жактан аксап келе жатабыз. Өз мамлекетин ойлобогон айрым аткаминерлер качан өлкөнүн кызыкчылыгын ойлойт болду экен.
Ал эми Өкмөт өзүнүн курамы менен тыптыйпыл жок болуп кетсе дагы кыргыз элинин «ашыгына» чыкпайт. Бийликке мыкты кадрлар келмейинче өлкөнүн абалы өлүмсүрөгөн «койдой» болуп тура берет. Өлкөгө ташты талкан кыла турган мыкты кадрлар гана керек! Тилекке каршы, 2010-жылдан кийин мамлекеттеги кадрдык саясат «байпакка» түшкөн. Кыскасы азыркы бийликте деле кадр маселеси өтө чатак! Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин кишиси дебей мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мыкты кадрларды кызматка алып келүү зарыл…
Баса, КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин ордуна кимдер кызыкдар жана кайсы аткаминер анын ордуна барат, бир нече саатардан кийин окурмандарга жарыя кылабыз.
Булак: NazarNews.kg