www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн өкүлдөрү өлүк отчеттору менен Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-ноябрдагы жыйынына келишти. Эл өкүлдөрү тараптан берилген суроолорго толук кандуу жооп бере албай чайналышты. Ал тургай даярдап келген кагаздарын чаташтырып, туура эмес маалыматтарды айтып, башканы кой өздөрүнүн баштары айланып калды.

Мындан улам кыжыры кайнаган парламент төрагасы Дастан Жумабеков өкмөткө катуу сын айтты.

“Өкмөттүн мындай отчет менен келгени бизди өкүндүрөт. Бул эч кандай эффективдүүлүккө алып келбейт. Ушундай кооз сандар менен эле парламенттен кутулуп кетебиз деп ойлобогула. Бул жерге келип, бизди алдап, отчетту эптеп бекитип алабыз деген ойдон алыс болгула. Өкмөттүк жыйында эмне үчүн ушундайларды карабайсыңар. Анан биз айтсак, “депутаттар бут тосуп атат” дейсиңер. Жок биз андайдан алыспыз. Биз туура реформаны жүргүзгүлө деген эле ойду айтып жатабыз”, -деди Жумабеков.

Ошондой эле төрага өкмөттө ичип-жеп, ишине шалаакылык кылгандар иштеп жатканын баса белгилеп өттү. Айтымында, мындан кийин өкмөттүн ар бир иши парламенттин дыкат кароосунан өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости