www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үй тарапта айтылып жаткан маалыматтарга караганда Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов кызматынан “топ” этип ыргып түшүп, анын ордуна айтылуу “Беш-Сары” соода комплексинин ээси Камчыбек Жолдошбаевдин жанындай көргөн бир тууган иниси “тып” этип тыпыйып олтуруп калышы мүмкүн экен.

Эске сала кетсек, Аманбай Кайыпов 2013-жылдан бери Нарын облусунун губернаторлук кызматын аркалап келет. Буга чейинки болуп өткөн шайлоолордо, референдумда КСДП партиясы үчүн алгылыктуу кызматын көрсөтүп келген Аманбай Кайыповду Чыныбай Турсунбеков менен Автандил Кулбараковдор “садага” чаап жиберишпейт бекен деген ой кетет.

Ансыз деле жакын арада айтылып жаткан парламент таркап кетсе Нарын жергесинен 7-кабаттагылар Аманбай Кайыповдон башка ишенимдүү, күчтүү кадр табыша алабы же кимдир бирөөлөрдүн берген акчасы менен Аманбай Кайыпов ыргып түшөбү азырынча белгисиз. Күтө туралык...

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Последние новости