www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖоКенин тамадасы Чыныбай Турсунбеков кезектеги жыйынды баштабай жатый эле социалдык түйүндүн колдонуучуларына түшүндүрмө берип өттү. Анысы жанагы “жүйөлүү” деген терминдин маанисин бурмалап, өзүнө тийише тургандарга карата алдын ала айтылган актануусу экен. Тагырагы, төрага жыйынга келбеген депутаттардын тизмесин окуп жатып, Текебаевди жүйөлүү себептер менен деген.
Андыктан ал, “Социалдык тармактагы чала сабаттарга айтып коеюн. Билбей туруп, дагы ар нерсени айтып жиберишпесин. Жүйөлүү себептер менен келбей калды деген бизге атайын термин киргизилген” дебеспи. Демек, Чыныбайга интернеттин колдонуучулары жанына баткан экен. Айрыкча, жүзүн жашырган гүлчөтайлар канын сорсо керек. Айтылуу Апендиче айгайлап эле калыптыр.
Бир жолу мадыра баштар Апендинин гөлөчүн ала качып тамаша салмак болушат. Муну туюп калган Апенди гөлөчүн чечип колунан чыгарбай кармап алат. Аргасы кеткен тиги мадыра баштардын бири, бактын башындагы таранчынын жумурткасын алып берүүнү өтүнөт. Буга макул болуп, бирок, гөлөчүн бир колуна кармаган боюнча өйдө көтөрүлө баштайт. Бул учурда чурулдаган балдар, колундагысын жерге таштай туруусун айтышат. Анда апенди, “Эй балакайлар мен силерге жумуртканы алып берип коюп андан ары кетем...” деген экен.
Анын сыңары, соцтүйүндөрдөгү мадыра баштардын тийишкендерине чыдабаган, Чыныбай аксакал жүйөлүү себептер менен бактан ашып, андан ары кетмек болгон го...
Булак: “Ачык саясат”