www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент таркайт десе эле акчасына кайгырган эл өкүлдөрү бар. Алардын бири СДПК партиясынан ЖКдагы депутаты Кожобек Рыспаев, кесиптештери ушак таратып жаткандыгын кыйытканбы айтор, “Президент туура же туура эмес сүйлөп жатат деп айта албайм. Жогорку Кеңеш эмнеге тараш керек? Мен билбейм. Кайра шайлоо өткөрүү акча турат. Жөн эле кыйнала беребизби...” деп ачыктай албай кыйналган пикирин интернеттеги маалымат булактарынын бирине билдирген. Анан эмнеөйдө тартса өгүзү өлөт. Ылдый тартса арабасы сынганы жатпайбы. Ошондуктан дүкөнчүнүн башын айланткан Апендинин ыкмасын колдонууну туура тапса керек.

Анда айтылуу Апендиге 300 сом карызын доолап дүкөнчү байкеси келет. Антсе жарыктык ал анекдоттогу тапаныбыз, мынча карыз экенин эстей албай жатканын айтып, байкесинин бал дептерин көргөзүүнү суранат. Жини келген дүкөнчү карыздарынын тизмесин алдына жая салат. Апендинин көзүнө дароо айыл имамынын 250 сом карызы чалдыгат.

Касапчыга карап, Биз имам экөөбүз кан доспуз. Ошондуктан анын акчасын мага чегер дагы ар жакта артып калган 50 сомду мага бер. Анан үчөөбүздүн ортобуздагы аласа-бересе жок болуп калат” деген тура тапанданып.

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости