www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Клиникалык практикада жаңы антибиотиктерди колдонуунун натыйжасы баш оорутуп, түйшөлтө баштады. Ал бир тарабынан оору жуктургуч бактерияларды жок кылат, бирок ошол эле учурда жаңы вирустар да тез жайыла баштады.
Мунун кесепетинен "вирустук доор" кирип келди. Бул тууралуу россиялык алдыңкы иммунологдордун бири, Россия илимдер академиясынын Уралдагы бөлүмүнүн Иммунология жана физиология институтунун илимий жетекчиси, академик Валерий Черешнев билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, адамдын организминдеги бактерия вирустарга таасир этүүчү жана өрчүшүн токтотуучу молекула-ферменттеринин спектрин иштеп чыгат. Бирок ондогон жылдар бою клиникада колдонулуп келген антибиотиктер бактерияга багытталгандыктан, вирустарга үстөмдүк кыла албай, тагыраагы, алсыз калды деген оюн билдирген.
"Ошондуктан биз 40 жылдан бери вирустардын доору келди деп айтып жатабыз. Вирустардын доору дагы өсөт, ушул нукта улана берет, мындан аркы прогресси кандай болору азырынча белгисиз. Бул эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири", — деди Черешнев.
Буга байланыштуу академик ооруларды бактерияга негиздеп дарылоонун парадигмасын өзгөртүү керектигин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg