www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Артур мырза, шайлоо да өтөт, бирок өлкө коопсуздугу унутта калбашы керек. Диний радикалдар мындай шартта мамлекеттин туруктуулугуна шек келтирбейби? Кепилдик барбы? Сиздин сунушуңуз?
-- Алдыда боло турган шайлоо Кыргызстандын тарыхын, түзүлүшүн, мамлекет катары бүтүндүгүн жана элдин тагдырын чече турган чоң бир сыноо болот. Ошол сыноодон акыйкаттуу, адилеттүү өтүш үчүн эки тараптын тең кошкон салымы эбегейсиз.
Биринчиси, эң негизгиси бийликтен. Алар канчалык деңгээлде туура, админресурска жол бербей, өздөрүнүн иштерине бекем туруп, мыйзамды бийик тутса, бу чоң жетишкендик болуп эсептелет. Экинчиси, бул шайлоочулар менен шайлануучулар.
Эгер алар өздөрү провокация кылышпай, мамлекетте болуп аткан кыйынчылыктарга байланышкан энергетикалык, экономикалык, азыктүлүк, күйүүчү май кризистерине шылтоолошуп, кандайдыр бир шайлоонун шайтан иштерин башташып, андан ары башаламандык болуп кетсе, албетте, ушу жагдайдан диндик экстремисттик топтордун мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна шек келтирбейт (!) деп эч ким кепилдик бере албайт.
Себеп, 2010-жылы ушундай жагдайлар катталган. Ошондуктан бүгүнкү күндө биздин укук коргоо органдары, коомчулук Афганистанда болуп аткан окуяларды эстеп, Кыргызстандан миңге жакын жаш улан-кыздардын согушка катышып, террордук-экстремисттик жумушта шугулданып жүрүшкөнүн эсибизден чыгарбайлы, аларга жардам берип аткан ячейкалар аздыр-көптүр тополоңдорду күтүп жатышат.
Кокус жагдай өзгөрүлгөн болсо, учурдан пайдаланып кетиши мүмкүн. Мындан сырткары, соцтармактарда ошол эле Афганистанда “Талибан” деген дүйнөнү дүңгүрөткөн террорчу кыймылдар бийликке келгенде биздин Кыргызстандын кээ бир аткаминерлери, саясатчылар, дин чөйрөсүндөгү имамдар туура эмес багыттагы маалыматтарды беришип, ошол талибандарды колдошуп, мактагандары бизге белгилүү.
Демек, кандай болгон күндө да дал ушул тармак бүгүнкү күндө терроризм менен экстремизмдин Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга коркунуч жаратарын далилдеп турат.
Булак: Азия News гезити