www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу  болуп Догдургүл Кендирбаева дайындалды. Канча жылдан бери ак эткенден так этип көксөп жүргөн кыялына жетти. Эми көрөлү, эмнени кыйратат? Элибиз "бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган келинди үй чечкенде" көрөбүз дегендей, дараметин сынап көрсүн. 

Арийне, бирок ишмердүүлүгү, баскан жолу чуулу айым эле, ишти жөндөп кетээри күмөн. Сөзүбүз кургак болбосун, айрым бир жагдайларга токтолуп өтөлү. 

Кендирбаева 2001 жылы Жогорку Кеңешке депутаттыкка коюп өтпөй калат. Анан Бермет Акаевага жармашып, "Алга Кыргызстан" партиясынын Ысык-Көл облусу боюнча жетекчиси болот. Натыйжада, Бермет Акаев аркылуу областтык Билим берүү тармагын жетектеген. Анан Каракол шаарынан депутаттыкка коюп, 2005-жылы бийлик буга жакшы колдоо кылган. 

Ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Токон Шайлиева аркылуу Кендирбаева добуш алуу үчүн мектепте, ЖОЖдо иштеген мугалимдерди, студенттерди кысымга алдырган. Ошондо дагы араңдан зорго кандидаттардын арасынан 3 орунга эптеп чыккан. 

Айтор, Акаевдин бийликтен кулашына себепкер болгон командадагы көрүнүктүү көзүрлөрдүн бири болгон. Азыркы учурдагы "модага" айланган тил менен айтканда  Акаевдин "дакансасы" эле. 

Аскар Акаев бийликтен куулган соң, кийинки келген бийлик Кендирбаеваны эч жака жолоткон эмес. Андан кийин Отунбаеваны эжелеп, чачпагын көтөрүп, анын аркасы менен  Билим берүү жана илим минитсрлигине орун басар болгон. Бирок ызы-чуу менен кызматтан кеткен. Андан кийин кайра Отунбаеванын тузгөн фондун жетектеп жүргөн. 

Эми минтип кайра бир кезде ызы чуу менен кеткен Билим берүү тармагына министр болуп келди. Жеңден кончко куюлуп, сымаптай колго токтобой жылмышкан жагынан эптүү неме, акыры жолун тааптыр. Эми чуудан алыс болуп иштесе болгону. Айтмакчы, Догдургүл Кендирбаеванын туулуп өскөн жери көлдөн. Демек президентибиз кол ийрисине тарттыбы же Аскар Акаев кайрадан Кыргызстанда кадр системасына кирише баштагандай. Айтор, эң болбоду дегенде Отунбаева эжеси музейлердин биринде "жылаңачтардын" көргөзмөсүн уюштурса, колтукташып ары-бери басып жүрсө керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости