www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иракта үлпөт тойдогу өрттөн каза болгондор анын ичинде жаш жубайлар жерге берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, шаршемби жана бейшемби күндөрү Ирактын Хамдания шаарындагы чиркөөдө акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Белгилей кетсек, Ирактын түндүгүндөгү Найнава провинциясында үлпөт тойдо имараттын ичиндеги тез күйүүчү кездеме фейерверктен тутанып өрт чыккан. 

Найнаванын губернаторунун орун басары Хасан аль-Аллак Reuters агенттигине 113 кишинин өлгөнү тастыкталганын билдирди. Бийликтин маалыматы боюнча, жабыркагандардын саны 150 киши, бирок бул сандар дагы өсүшү мүмкүн. Al Arabiya агенттигинин маалыматына караганда, 120 адам каза болуп, 200ү жарадар болгон.

Өлкөдө кырсыктын курмандыктарына үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости