www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Коопсуздук кеңеши Украинадагы кырдаалды жана дан келишимин кайра баштоону талкуулады. Бул тууралуу Түркиянын президентинин администрациясы билдирет.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны бейшемби күнү президент Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилиги астында өтүп, үч саатка созулган.

"Коопсуздук Кеңеши Украинадагы согушка байланыштуу акыркы кырдаалды, ошондой эле Кара деңиз демилгесин жаңырта ала турган кадамдарды талкуулады. Түркиянын согушту тез арада токтотуу жана тынчтык орнотуу аракеттерин улантууга чечкиндүүлүгү тастыкталды", - деп айтылат маалыматта. 

Дан келишими 18-июлда аяктап, Россия Түркия, Украина жана БУУга келишимдин узартылышына каршы экенин билдирген. Россиянын президенти Владимир Путин Москвага байланыштуу келишимдин шарттары БУУнун аракеттерине карабастан аткарылган жок, анткени Батыш өлкөлөрү убадаларын аткаргысы келбей жатканын белгилеген.

Путин Батыш украин данынын көпчүлүк бөлүгүн өз мамлекеттерине экспорттогонуна жана келишимдин негизги максаты - муктаж болгон өлкөлөргө, анын ичинде африкалык өлкөлөргө эгин жеткирүү эч качан ишке ашкан эмес деп бир нече жолу белгилеген.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 23-сентябрда дан келишиминин орусиялык бөлүгү ишке кирээри менен, украиналык бөлүгү ошол эле күнү кайра жанданарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости