www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы министрлиги 2022-жылы Кумтөр кенинен 17 тонна 305 килограмм алтын өндүрүлүп, анын 17 тонна 284 килограммы сатылганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, “Кумтөр” ишканасынан былтыр 27 миллиард 959,4 миллион сом салык түшүп, 2021-жылга салыштырмалуу 267,3% көп каражат жыйналган.

Белгилей кетсек, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет талкууланган. Жыйында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Кумтөр кенинен өткөн жылы 15,9 тонна алтын өндүрүлгөнүн айткан.

Депутат Дастанбек Жумабеков өкмөт башчы Акылбек Жапаровго 2022-жылы Кумтөрдөн 18 тонна алтын казыларын айтканын, “эмне себептен 2 тонна аз болуп калды?” деген суроо берген. Финансы министрлиги кайра тактоо киригизип, былтыр Кумтөрдөн 17 тонна 305 килограммм алтын алынганын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости