www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин Кремлде коргоо министринин орун басары Юнус-Бек Евкуров жана отставкадагы полковник Андрей Трошев менен жолугушту.

Жолугушууда Путин Трошев менен сүйлөшүүнү баштоону кааларын белгиледи.

“Биз акыркы жолугушуубузда сиз ар кандай күжүрмөн тапшырмаларды аткара ала турган ыктыярдуу бөлүктөрдү түзүү менен алектенип жатканыңыз тууралуу сүйлөштүк, биринчи кезекте, албетте, атайын аскердик операция зонасында”, - деген Путин.

Президент Трошев өзү бир жылдан ашык убакыттан бери салгылашууларга катышканын жана күжүрмөн иштер эң жакшы жол менен жүрүшү үчүн кандай маселелерди алдын ала чечүү керектигин жакшы билерин белгиледи.

"Баса, ушуга байланыштуу мен сиздер менен социалдык мүнөздөгү маселелер боюнча сүйлөшкүм келет", - дейт Путин Трошев чогуу согушкан жолдоштору менен мамилесин сактап турганын баса белгилей.

Буга чейин маалымат каражаттарында отставкадагы полковник Андрей Трошев "Вагнер" тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин мураскери катары каралып жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кремлдеги жолугушууну комментарийлеп жатып, Трошев азыр Коргоо министрлигинде иштеп жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости