www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаров бүгүн утуп чыкты, эми аны менен ойногонду үйрөнүшүбүз керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков парламентте билдирди.

"Мадумаровду эмне кылсаңар деле Мадумаров бойдон калат. 30 жылдан бери эч ким өзгөртө алган жок. Ошон үчүн Мадумаров менен ойногонду үйрөнүш керек. Мойнубузга алалы, бүгүн 1:0 кылды, өкмөткө гол киргизди. Эми трагедия кылбай эле аны менен ойногонду үйрөнүшүбүз керек. Мадумаровдун артынан чуркап "сен туура эмес кылдың" деп кыйкырганда эмне. Андыктан, макул жеңилдик деп эки-үч күндөн кийин жаңы регламентти кабыл алып, ошону менен добуш берели", — деди Таштанбеков.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат "макул", тогузу "каршы" болду. Беш депутат добуш берген жок.

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости