www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият министри Азамат Жаманкулов Бегимай Турусбекованы эл аралык сынактарда алдыга жылдырууга жардам берерин убада кылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Чиновник борбор калаадагы "Ынтымак" сейил багында концерт койгондон кийин популярдуу болгон таланттуу кыргыз айымы менен жолугушту.

Азамат Жаманкулов Бегимай Турусбекованы “Central Asia’s Got Talent” эл аралык таланттар шоусуна, ошондой эле Казакстан, Түркия жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө жөнөтүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Бегимай Турусбекова Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын бүтүргөнүн, ошондой эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алганын, бирок окуусун бүтүрө албай калганын айтты. Ал буга чейин ар кандай сынактарга катышып келген.

Кафедра анын университетте окуусун улантууга жардам берүүнү убадалады.

Казармандын тургуну Бегимай Турусбекова бир нече сааттын ичинде эле популярдуу болуп кетти. Ал "Ынтымак" сейил багындагы караоке сахнасына чыгып ырдап анын аткаруусундагы видео социалдык тармактарга тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости