www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы жылдарда "Арис" өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин жасаган иштерине эл тарабынан нааразычылыктар абдан көбөйдү. Бул тууралуу депутат Сүйүн Өмүрзаков бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында өзгөчө таза суу маселеси боюнча эл нааразы. Дайыма көп суммадагы акчалар бөлүнүп берилет, бирок иштин натыйжасы жок.
"Баткендин Сүлүктү шаарынын тургундары да таза суу көйгөйү чечилбей жатканын айтышууда. Алардын айтымында ""Таза суу" программасы боюнча 220 миллион сом бөлүнгөн, бирок суу маселеси толук түрдө чечилген эмес. Акчалар кайсыл жакка кетип жатканы белгисиз деп эл нааразы", - деди депутат.
Депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, мындай маселе өлкөнүн башка аймактарында да абдан көп экенин билдирди. Ошондой эле, ал төрага Нурлан Шакиевге "Аристин" өкүлдөрүн Жогорку Кеңешке чакырып, акыркы 5 жылда кандай иштерди аткарганын угууну сунуштады.
Булак: NazarNews.kg