www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинаны куралдандыруу үчүн АКШ менен Европа танктарды жөнөтүп жатышат. Германиянын «Леопард 2» деген танктары марттын аягында келсе, Улуу Британия Украинага төрт Челленджер 2 танкасын жөнөтүүнү чечкен. Бул ортодо Британ өкмөтү Орусия менен түз тирешүүгө даярдануу үчүн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүсү керек. Бул тууралуу 30-январда британ парламентинин общиналар палатасынын Коргоо комитетинин төрагасы Тобиас Эллвуд "Sky News" телеканалына билдирди.
«Акыры Казыналык жана 10 Даунинг Стрит (Премьер-министрдин кеңсеси) дүйнө өзгөрүп жатканын моюнга алышы керек. Биз болуп жаткан иштерге катышып жатабыз, жада калса аракетибизди дагы күчөттүк. Аскердик камсыздоо процессинде биз Украинага дагы техника жөнөттүк, менимче, бардык ишти Украинага жүктөбөй, Орусияга тикелей каршы чыгышыбыз керек», - деди парламент депутаты.
Ал ошондой эле Киевге жардамды олуттуу көбөйтүүнү жана жакында НАТОго кирүү мүмкүн эмес Украинаны Бириккен экспедициялык күчтөрдүн мүчөсү кылууну сунуштады. Биргелешкен экспедициялык күчтөр Түндүк өлкөлөрүнүн аскердик кызматташтыгынын форматы болуп саналат, ал үзгүлтүксүз биргелешкен машыгууларды жана консультацияларды камтыйт.
Англо-сактардын тиреги болгон Улуу британия эмне үчүн орустарга өч? Негизи алар орустарды эмес баш көтөргөн калкты жек көрүшөт. Анткени Англия убагында дүйнөнү титиретип тургусу келе турган. Азыр АКШ деле аларга колония болуп туруп бөлүнгөн. Ошол үчүн ал жерде англис тили башкы тил. Дүйнөлүк биринчилик АКШга өткөн соң Англия алардын колтугуна кирип алып ар кимге заарын чачып атат.
Улуу британияны король башкарат, бирок анан бийлиги чектелүү, «Англиянын королундай» деген сөз ошондон калган. Елизавета II Британияны 70 жыл башкарып, анын бийлиги учурунда 18 премьер-министр алмашты. Өлкөнүн мурдагы колониялары эгемендикке жетишти. Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал падыша тактыны 1952-жылы 6-февралда атасы Георгий VI көз жумганда ээлеген. Буга чейинки рекорд анын чоң энеси, тактыда 63 жыл 7 ай отурган ханыша Викторияга таандык болчу.
Британ тактысынын мураскери Уэльс ханзаадасы Чарльз ханыша Елизавета II каза болгондон кийин Улуу Британиянын жаңы падышасы болду. Елизавета IIнин абалы быйыл начарлап кеткен. Февраль айында ал коронавирус жуктуруп алып, кыймылдабай жатканына нааразы болгон. Өткөн жылдын октябрынан мартка чейин ал жол иш-чараларына катышкан эмес. Андан кийин Букингем сарайы акыркы он жылда биринчи жолу ханышанын милдеттеринин тизмесин өзгөртүп, алардын айрымдарын ханзаада Чарльзга өткөрүп берген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg