www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-февралда өткөн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Кумтөрдө иштегендерге грамота берүүнү сунуштады.
«Жакында депутаттар Кумтөргө барып келдик. Биздин жарандар 5 миң метр бийиктикте, кыйын шартта иштешет экен. Пол жуугучунан баштап, жетекчисине чейин ыраазы болушубуз керек. Кудайга шүгүр, ошол өндүрүштү токтотпой иштеп жаткандарына абдан кубандык. Урматтуу төрага, 31-августта аларды Жогорку Кеңештин грамоталары менен сыйлап койсок деген сунуш берели колдоп берсеңиз», - деди Түлөбаев.
Эске салсак, 30-январда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барышкан.
Булак: NazarNews.kg