www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Ахматбек мырза, интеллигенция 30 жылдын ичинде кандай өзгөрүүгө дуушар болду?

- Азыр «30 жылда эчтеке болбоду» дегендер чыгып жатат. Мен алардын пикирлерине такыр кошулбайм. Биз өз алдыбызча мамлекет түздүк. Бул аралыкта жакшыбы-жаманбы, иш алып бардык. 30 жылда буга чейин топтогон байлыкты талкалап, жок кылып, жеп бүттүк. Жашы жагыда, жаман жагыда бар. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, бул биздин тарых. 30 жылда биз интеллигенцияны жок кылдык. Бүгүнкү күндөгү интеллигенттердин бардыгы охлократияга теңелбейин деп, ой-пикирин айтса уга турган адам жок, үйүндө китеп окуп отурушат. Интеллигенция айылдан башталчу. Бала бакча башчысынан, мектеп мугалиминен, китепканада иштегенден, ошолордун кийингенинен, басканынан, жүрүм-турумунан, сүйлөгөнүнөн үлгү алсак болот эле...

- Аларды кантип жоготуп алдык?

- Аларды жоготуунун бирден-бир бөлүгүбүз «демократия» деп эле демократиянын импортныйын алып келдик дагы, бардыгын айыл өкмөттөн баштап, жада калса мектептин директоруна чейин шайлаганга жеткенбиз. Кимдин урук-тууганы күчтүү болсо, анын билими, илими, деңгээли барбы, ага карабай шайлап койдукда, ошонун негизинде интеллигенция жоголду. Бир ачуу чындыкты айткым келет: бүгүнкү күндө мамлекетте иштеген 200 миңдей кызматкер, 500 миңдей пенсионер болсо, ошол 200 миңдин ичинде мугалимдер, врачтар ж.б. мамкызматкерлер, миллионго жакын төрөлгөндөн 11-класска чейинки өспүрүмдөр, 200 миңге жакын жеке ишкерлер бар эле. Учурда алардын саны кескин кыскарды. 1 миллион 300 миңден ашык мекендештерибиз «мен бала-чакамды багып, келечекте кем болбой жашайт элем» деп чет жакта жүрүшөт. Бүгүн саясаттын «с» тамгасын, мыйзамдын «м» тамгасын билбегендер, биздин интеллигенцияны эмес, кайдагы охлакратияны угуп көчөдө жүрүшөт. Учурда охлократия баарын башкарып жатат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости