www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Өспүрүм бала Путиндин сөзүн оңдоп...

Воркутадагы мектеп окуучусу Никанор Толстых Владивостоктогу “Океан” балдар борборунда ачык сабак учурунда Россиянын Президенти Владимир Путиндин сөзүн оңдоду. Иш чараны Россия 24 телеканалы түз эфир аркылуу көрсөткөн.

Путин XVIII кылымдын башында Петр I Швеция менен жүргүзгөн согушту жети жыл деп атады. Ачык саатта отурган окуучулардын ичинен өспүрүм бала колун көтөрүп, сөздү алган соң, сөз Түндүк согушу жөнүндө болуп жатканын айткан.

«Мени туура эмес ойлобогула... Жалпысынан алганда, бул жети жылдык согуш эмес, жөн эле Түндүк согушу болгон. Улуу Түндүк согуш 1700дөн 1721-жылга чейин созулган », - деди өспүрүм бала.

“Ооба, бул, албетте, Түндүк согушу. Түзөтүү үчүн рахмат”, - деп жооп берди Владимир Путин.

Путин ошондой эле “Океан” балдар борборунун окуучуларына чыныгы дос кандай сапаттарга ээ болушу керектигин айтты. Ал мамлекеттердин достугу прагматикалык экенин, муну адамдардын ортосундагы мамилелер жөнүндө айтууга болбостугун белгиледи.

Ошол эле жолугушууда Путин бала кезиндеги Ата Мекенге кызмат кылуу кыялы орундалганын айтты. Мамлекет башчысынын айтымында, бала кезинде ал моряк, учкуч же чалгынчы кесиптеринин ээси болгусу келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости