www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Элдин башкы көйгөйүнө айланган чек ара чыр-чатактарын чечүүнүн кандай жолу бар деп ойлойсуз?

- Чек ара маселесин чечүү бир гана мамлекеттин кызыкчылыгынан көз каранды эмес. Бул эки мамлекеттин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде дипломатиялык жол менен гана чечиле турган маселе.

Ал эми Кыргызстан ЕАЭБге кирген мамлекет катары чек араларды кайтаруу жагынан өз милдеттенмелери бар. Ошондой эле, ар бир өлкө өз кызыкчылыгын ойлойт. Бирок, чек ара маселесинде, кайсы мамлекет болбосун бир эле учурда утулушу да, утушу да мүмкүн. Мындайча айтканда бир жеринен утат, бир жеринен утулат. Эч ким, карыш жерин бирөөгө жөн эле берип койгусу келбейт.

Анткени, дүйнөлүк практикада дагы эки өлкөнүн чек ара маселесин чечүүдө сөзсүз жер алмашуулар негизги ролду ойноп келген. Мына жакында Өзбекстан менен чек ара маселебиз чечилип жатат деген жакшы кабарлар чыкты. Бул коомчулукта айрымдардын колдоосуна ээ болсо, айрым жарандарыбыздын нараазычылыгын жаратты. Бирок, азыр алдын ала баа берүү эрте. Бул боюнча документтер жалпы элдин талдоосуна чыкканда гана талдап туруп баа бергенибиз оң. Биз өз жерибизди кандай коргосок, Өзбекстан да ошондой эле аракетте болот. Алар деле өз жерин бирөөгө жөн эле бере койбойт. Чек ара маселеси эки өлкөнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде эки мамлекетке тең ыңгайлуу шартта чечилип жатса керек деп ойлойм.

Бул боюнча биз кайсыл жеринен уттук, кайсыл жеринен зыян тарттык, бирок, жалпысынан алганда эки өлкөнүн чек ара маселеси чечилди деп элге жалпак тилде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз зарыл.

Ал эми анклавдарга коридор ачуу боюнча бизде дагы «Советабад» бар, «Маданият» бар мына ошол кыска жолдорду биздин жарандарга да коңшулар ачып койсо, биз дагы Сохтон коңшу өлкөгө коридор берсек, баарыбызга тең ыңгайлуу болмок. Ошондой эле, келечекте Европа өлкөлөрүндөй чек аралар бара-бара ачылып, эл эч тоскоолдуксуз ары-бери каттай тургандай шарт түзүлөт деп үмүттөнөм. Анткени, биздин эзелтеден коңшулар менен карым-катнашыбыз ачык болгон. Буга Улуу Жибек Жолу далил.

Маектешкен: Токтосунова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости