www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадимки малайчудосун жараткан, «малай элинин атасы» аталган 95 жаштагы Малайзиянын экс-премьер-министри Махатхир Мохамад менен биздин 65 жаштагы Азикебиз жолукту.

«Бизге жеткен имиш-миштерге караганда, кыргыз революциясынын «бульдозери» атанган, ар дайым саясатта ыраматылык Докебиз жазгандай, «кыргыз саясатынын мотору» болгон, беттегенин бербеген, кадимки Азикебиз Кыргызстанга кайтат имиш деген тастыкталбаган кептер бар.

Бирок өзү бата берип колдоп жүргөн, азыркы бийлик ээлери «үч илтик» үкөлөрүнүн жүргүзүп жаткан саясатына ичи толбой, аларга жардам бергени келе жатабы же кайрадан чоң саясатка аралашканы келеби, азырынча баарына табышмак...

Анткени, бизге жеткен тастыкталбаган маалыматтарга таянсак, Азикени Кыргызстанга чакыргандар күндөн-күнгө көбөйүүдө... Тилекке каршы, ар бир революцияга катышып, бат эле четте кала берген «реоволюциянын атаманы» Азимбек Бекназаровдун өзүнө байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Эгерде байланышсак чын-төгүнүн тактайбыз.

Баса, Махатхир Мохаммад, Махатхир бин Мохамад Датук Сери 1925-жылы 20-декбарда Хедах штатында туулган. Малайзиянын мамлекеттик жана саясий ишмери. 1953-жылы Сингапур университетинин медициналык факультетин бүтүргөн. Саясий карьерасын 1946-жылы 19 жашында Бириккен малайзиялык улуттук уюмга кирүүдөн баштаган. 1964–69-жылдары жана 1974-жылы парламенттин мүчөсү. 1974–81-жылдары билим берүү министри, 1981–2003-жылдары Малайзиянын премьер-министри. Махатхир Мохамад премьер-министр болуп иштеп турганда Малайзия экономикасы начар өнүккөн агрардык өлкөдөн экономикасы жогору өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулган. Анын демилгеси менен Малайзияда 1971–90-жылдары Жаңы экономикалык саясат жана 1991–2000-жылдары Улуттук өнүгүү саясаттары жүргүзүлгөн. 2012-жылдын сентябрь айында ал Кыргызстанга келип, эки өлкөлүк ортосундагы саясий-экономикалык, достук байланыштарды чыңдоо жана өлкөнү өнүктүрүү иш тажрыйбаларын кеңири бөлүшкөн.Булак: NazarNews.kg

Последние новости