www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ушул күндөрү, терроризм менен экстремизм дүйнө жүзүнө коркунуч келтирип турганда, өз үйүн, Мекенин коргоодон артык ардактуу жана ыйык милдет жок экендигин Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын, башка мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери далилдешти. Аны ийгиликтүү өткөрүлгөн «Коопсуздук-2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» машыгуулары көрсөттү», — деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Баткен облусундагы командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууда.

Мамлекет башчысы Баткен облусундагы Бужум аскер полигонуна келип, «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жыйынтыктоочу фазасына көз салды.

Садыр Жапаров машыгуунун катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, дүйнө жүзүндө конфликттик потенциал курчуп, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин коркунучу күчөп, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен радикализмдин идеялары жайылуусу артып бара жатканын белгиледи.

Президенттин айтымында, Кыргыз Республикасында жүзөгө ашырылып жаткан прогрессивдүү кадамдарга, мамлекеттик бийлик системасын реформалоого жана коррупцияга каршы күрөшкө карабастан, ар кандай деструктивдүү күчтөр өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирип, кырдаалды курчутуу аракеттерин улантууда.

Мындай шартта Мамлекет башчысы мамлекеттүүлүктү бекемдөө, коопсуздукка коркунуч туудурган көрүнүштөргө жана коркунучтарга жооп кайтаруу, өлкөбүздүн аймагында жана чек араларда конфликттик потенциалды төмөндөтүү боюнча кадамдарды ишке ашыруу маанилүү экендигин баса белгиледи.

Ал бир башчыга баш ийүү принцибин сактоо аркылуу Куралдуу күчтөрдө вертикалдуу башкарууну орнотууга мүмкүнчүлүк түзүүчү Коргоо министрлигинин кайрадан калыбына келтирилгенин жогорудагыдай кадамдарга мисал кылды.

«Ошондой эле, мындай кадамдарыбыз Аскердик башкаруу системасын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн курамын жана түзүмүн оптималдаштыруу, аскер кызматчыларды жана мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлерин социалдык жактан коргоо деңгээлин жогорулатууга багытталган иш-чаралар менен толукталды. Мамлекет жетекчилиги өнөктөш мамлекеттер менен биргелешип аракеттенип, ата мекендик коргонуу-өнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Жакынкы мезгилде Коргоо министрлигинин курамында Атайын операцияларга жооптуу күчтөр түзүлөт. Бул өз кезегинде, эл аралык терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтты Башкы кол башчы.

Мындан сырткары, ал ушул жылдын 1-апрелинен баштап өз мөөнөтүндөгү аскер кызматчылары үчүн азык-түлүк паёгунун көлөмү көбөйтүлүп, анын калориялуулугу жана ар түрдүүлүгү жогорулатылгандыгын белгиледи.

Андан ары ал Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери үчүн капиталдык курулуш улантылып жатканын жана Ош шаарында ушул жылы 200дөн ашык аскер кызматчысы турак-жай менен камсыз болорун, ошондой эле аскер кызматчыларынын акчалай камсыздалышын азыркы талаптарга ылайык келтирүү үчүн алардын өлчөмүнө индексация жүргүзүү маселеси караларын кошумчалады.

Садыр Жапаров белгилегендей, аймактарды социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү максатында мамлекет тарабынан коңшулаш өлкөлөр, өнөктөш мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен биргеликте суу пайдалануу, энергетика, миграция процесстери, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, жамааттык коопсуздук сыяктуу маанилүү регионалдык көйгөйлөр боюнча бирдиктүү мамилени иштеп чыгууга олуттуу көңүл бурулуп жатат.

Ал «Коопсуздук-2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» машыгууларынын максаттары ишке ашкандыгына токтолуп, бардык катышуучулар аскердик жана өзгөчө абал режиминин шарттарында окуу-күжүрмөн тапшырмаларын так аткарып, анын жүрүшүндө жогорку кесипкөйлүктү, республиканын коопсуздугуна каршы келген ар түрдүү коркунучтарга биргелешип аракет кылууга даярдыгын жана жөндөмүн көрсөтүшкөндүгүн айтты.

«Мындан кийин катышуучулардын катарын кеңейтип, республиканын бардык административдик-аймактык түзүлүштөрүн ырааттуу камтуу менен мындай машыгууларды системалуу түрдө өткөрүп туруу керек. Жалпы элибиздин кызыкчылыгы үчүн Куралдуу күчтөрүбүздү чыңдоого багытталган жолубузду улантабыз деп Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы катары сиздерди бекем ишендирип кетмекчимин. Кыргызстан ар дайым ачык жана меймандос мамлекет болуп келген жана болуп кала берет. Биздин негизги милдетибиз — аны сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү», — деп айтты Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы өткөрүлгөн машыгуулар Кыргыз Республикасынын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия регионунун коопсуздугун бекемдөө ишине кошулган салым болоруна бекем ишенимин билдирди.

«Инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктары ишенимдүү корголуп, өткөрүлүп жаткан реформалар оң натыйжаларды берип жатат деп канааттануу менен белгилеп кетсе болот. Ата-Мекенибиздин тынчтыгы жана гүлдөп өнүгүүсү үчүн татаал, бирок ардактуу милдетти аркалаган баарыңыздарга ийгиликтерди каалап кетүүгө уруксат этиңиздер», — деп жыйынтыктады Башкы кол башчы Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости