ВИДЕО - Нурлан Жумабеков: Тиешелүү документтери жок жарандар кантип депутаттыкка талапкер болуп жатышат?
Коом  |   |  1998

Аламүдүн районунун Төмөнкү-Аларча айылынын коллекторный көчөсүндөгү турак үйлөр мыйзамсыз салынып, аларда эч кандай тешелүү документтери жок. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде NazarNews маалымат агенттигине Жумабеков Нурлан билдирди.

Анын айтымында, аларда тиешелүү дөкүменттери жок болгонуна карабастан, аталган айылдан шайлоого аттанып жаткан талапкерлер бар.

«Бул үйлөрдө жашагандыгы тууралуу эч документ болбосо анан кантип кээ бир адамдар бул үйгө катталып, депутаттыкка талапкер болуп жатышат?», - деди окурман.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями