www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мыйзам чыгаруучу орган, парламент жоопкерчиликтүү болуш керек эле. Бирок депутаттар жоопкерчиликтүү боло албай жатышат. Сот системасы иштебейт. Муну бул жерде олтургандар башыбыздан өткөрдүк. Айрымдары азыр өткөрүп жатышат”, - деген пикирин билдирди бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, оппозициячыл саясатчылардын “Мамлекеттүүлүк саясат жана жоопкерчилик” деген аталыштагы жыйынында.

Андан сырткары Ахматбек Келдибеков учурдагы аткаруу бийлиги жоопкерчиликтүү эмес экендигин айтып, өкмөт ИДПны кантип өстүрүү керектигин билбей тургандыгын кошумчалады. “2010-жылдан кийин сот системасында реформа болгон жок. Биз мамлекетти башкаруу системасын элге алып чыгып, эл менен чечишибиз керек. Курултай деп, Конституцияга кирген менен 6 жылдан бери бир дагы иштеген жок. Алдыда чоң саясий шайлоо турат. Бул канчалык таза өтөт же өтпөй тургандыгын көрө жатарбыз. Өткөн шайлоодо баары таза өттү деп мактадык, бирок мыйзам бузуу көп болду. Электрониканы адам ойлоп тапкан нерсе аны каалагандай бурмаласа болот. Азыр колдон келишинче саясый жоопкерчиликти алышыбыз керек, мамлекетти сактайбыз десек, жоопкерчиликти алышыбыз абзел”, - деди Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости