www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Марат Алышпаевдин пикиринен соң экинчи тараптын пикирин угуу үчүн Темирлан Сманбековду да сөзгө тарттык. Чечим окурмандын өз колунда.
— Темирлан агай, Марат Алышпаевдин таратып жаткан маалыматтары боюнча кабарыңыз бардыр. Эмне деп жооп айта аласыз?
— Бакыйган эл артисти үчүн ушундай маалыматтарды таратып жатканы уят. Андай чоң иш боло турган болсо сот, прокуратура, эсептөө палатасы деген бар. Кайрылып жооп албайбы. Мен бул кызматка дайындалгандан бери эле артымдан түшүп алган. Мен анын ордун тартып алгансып жаңы эле кызматка келсем “мен жасаган иштердин баарын жеп алды, кыйратып салды”-деп сөз чыгарган. Эми дагы балээни баштап алыптыр. Ал мени жеп алды деген түрктөрдүн акчасы да. Аны эмнеге театрдын бухгалтериясына кириш кылышыбыз керек? Ал эмне мамлекеттин акчасы беле? Отчётту биз түрктөргө беребиз. Акча Түркиядан келди, “Коркут-Ата” спектаклин койдук. Учурда алар спектаклинин отчётун сурап жатышат. Бир тыйынына чейин калтырбай отчетту беребиз. Алар акчаны берип коюп эле унчукпай калбайт да.
— Спектаклди ойногон артисттерге бир сом да берилбегени чынбы?
— Ооба, анын баары чын. 10 миң доллар бир эле спектаклге кеткен жок. Ал ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы иш-чараларына дагы коротулган. Артисттердин гонорарларын Түркияга барганда төлөп беришет, акча берилбей калбайт.
— «Назарбаевдин» спектакли боюнча эмнелерди айта аласыз?
— Ал боюнча беш миң долларды Аскар байке өзү берген. Ал эми артисттердин акчасын Аман Жапаров спектаклди көтөрүп келип койдурган. Акчаларды ошол берет. Аман болсо артисттерге “машинемди сатып болсо да акчаңарды берем, иштей бергиле”- дептир. Азыр ал киши ооруп жатып бере албай жүрөт. Ага биздин театрдын эч кандай тийешеси жок. Ал акчага биз тийише албайбыз.
— Марат Алышпаев агабыз менен кандайча келишпей калгансыздар? Ал кайсыл себептин негизинде сиздин артыңыздан түшүп жатат деп ойлоп жатасыз?
— Марат агабыз ушул иштин баарын билет экен, эмнеге убагында айтпайт? Ошол мени кызматтан алаарда кошумча жасап жатат. Жок дегенде фактысы менен бербейби? Мен макул болот элем. Ал кишинин максаты мени гана жамандоо болуп эсептелинет. Кокустан коллективде колдоо болсо кайрадан келип калбасын деп аракет кылып ушуну жаздырды. Акыры мени кызматтан алып тынды. Өчөшкүдөй мен бул кишинин ордун тартып алган жокмун. Марат Алышпаев кызматтан кеткенден 10 күндөн кийин конкурс аркылуу келдим.
— Сизди Тайырбек Сарпашев басым кылып алып келгени чынбы?
— Керек болсо Тайырбек экөөбүз бул темада таптакыр сүйлөшпөйбүз. Мени Сатыбалды Далбаев аксакал ортого түшүп, ошол убактагы министр Камила Талиева алып келген. Садык Шернияз менен Ырыскелди Момбеков экөө келгенде мен иштер менен тосуп чыга албай калсам ошону да көтөрө чаап айтып чыгышып ызылдап министрдин орун басары жетип келиптир. Тынчыгылачы деги деп арызымды жазып берип койдум.
Булак: "АЗИЯ news"