www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дос айрылат, сөөк кайрылат» деген кыргызда накыл кеп бар. Анын сыңарындай, бир кезде Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев дос эле. Учөө көп оош-кыйыштарда бирге жүрүштү.

Акыры саясаттын айынан ажырым кеткени жашыруун эмес. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев бир жээкте. Ал эми Ахматбек Келдибеков «Азаттыю» партиясы аркылуу парламенттик шайлоого аттанып, учурда тарапташтары менен каршы багытка түштү.

Бирок, «Азаттыктагы» айрым саясатчылар бийликке карата катуу сын айтып, радикалдуу кадамдарга барып аткандай.

Мындай шартта Келдибеков сабырдуу мүнөз күтүп, БШКнын кемчиликтерин айтып, досторуна акаарат келтирүүгө, аша чаап жамандаганга барган жок.

Саясатта, жашоодо деле ким бирөө менен душман болсоң, кайсы бир убакыт өткөндө доско айланып калышың мүмкүн. Андыктан, тагдыр, келечек күтүүсүз көрүнүштөрдү да сунушташы мүмкүн...

Булак: Азия News гезити

Последние новости