www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-апрелде Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунун Тажикстандын жоокерлери түн ичинде уктап жаткан жеринен уурдап кеткендиги тууралуу маалымат тарады.

Маалыматка караганда, 24-апрелде «Кулуңду» чек ара бекетинин жетекчисине Бешкенттин тургунунан эки уулунун жоголуп кеткени тууралуу кабар түшкөн. Ал жаран балдары Сай деген тилкеде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жерден жоголгонун билдирген.

УКМК маалыматты тактоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, дайынсыз кеткендерди издөө иштери жүрүп жатканын, аймакта абал туруктуу экенин кабарлады.

Ошондой эле бүгүн, 24-апрелде Баткен облусундагы Лейлек районунда 200дөй адам чогулду. Алар чек арага жакын жерде жоголгон эки өспүрүмдүн уурдалышы боюнча маселени көтөрүп чыгышты.

Ал эми аталган окуя тууралуу Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков өзүнүн жеке пикирин төмөндөгүчө билдирди:

--«Бул окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министри Тажикстандын элчисин чакырып, нота берип катуу талап коюш керек. Эгерде ошол эки баланын бир тал чачы түшө турган болсо, анда тийиштүү жооп болоорун катуу эскертиши керек.

Качанкыга чейин алар эл аралык мыйзамды бузуп, өзүм билемдик кылып, биздин жарандарды алып кете беришет? Бул эки өлкөнүн ортосундагы достук келишимдерин тебелеп-тепсегинин белгиси болуп саналат.

Негизинен, Тышкы иштер министрлиги кайсы гана өлкө болбосун биздин жарандарга карата жасалган мыйзамсыз иш аракеттерге өз убагында реакция кылып, тийиштүү чараларды көрүшү керек. Мамлекет ар бир жарандын укугун коргоп, аларды колдогон артында тирек бар экенин көрсөтпөсө, башка өлкөлөр ушуга окшогон нерселерди жасап, көнүп алышат. Буга Өкмөт, Тышкы иштер министрлиги жана тийиштүү органдар көңүл буруп, тез арада чара көрүшү абзел», - дейт саясатчы Ахматбек Келдибеков.

Эске салсак, УКМК дайынсыз жоголгон Баткен облусундагы Лейлек районунун Бешкент айылынын эки тургунунун эки жараны тең 19 жашта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости