www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Садыр Жапаровго оппозиция болоюн деген оюм жок”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

--“Мен Садыр Жапаровго жөн эле өзүмдү көрсөтүп, жөн эле каршы чыга бербейм. Эгер туура эмес болсо, анын ачыгын айтам. Ага бут тосуп же каршы чыгып эмне кылабыз? Баары элдин эртеңки күнү, мамлекеттин келечеги үчүн болуп жатат. Тескерисинче жакшы иштерди жасап, өлкөнү алдыга сүйрөсө баарыбыз сүйүнөбүзда.

Азырынча аракети жакшы, иштейм деп келди. Бир чоң катасы кадр саясатынан ката кетирип жатат. Ишти алдыга сүйрөп алып кете албаган, жөндөмсүз, тажрыйбасыз адамдарды жетекчилик кызматтарга алып келди. Ошондой эле Баш мыйзамды өзүм билем, өзүм кылам, өзүм жооп берем деп эле баарын өзү каалагандай калчап жатат. Негизи бул туура эмес, мыйзамдуу мамлекетте система иштеши керек. 5 жылдан кийин кандай болоорун мен эмес, бардык эл билбейт. Себеби, азыр кандай жол, план менен баратабыз? Жок дегенде беш жылдан кийин кандай болот, ошону элге түшүндүрүп койсун”, - дейт Бекешев.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости