www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-апрелде Баткен облусундагы Лейлек районунда 200дөй адам чогулду. Алар чек арага жакын жерде жоголгон эки өспүрүмдүн уурдалышы боюнча маселени көтөрүшүүдө. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда жарыяланды.
Чогулган эл Лейлек районунун Бешкент айылынын айыл өкмөтү менен жолугуп окуя тууралуу маалымат алышкан.
Ошондой эле, алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, чек ара меселесин тез арада чечип берүүнү өтүнүштү.
«Тажикстандын аскерлери биздин жерге кирип, танкаларды алып келип алышкан. Алар бул жакка өзүнчө база ачып алган. Ал эми биздин чек арачылар чек арага турбай жатышат. Биз алардын эч болбосо түнкүсүн жерди кайтарып берүүсүн суранганбыз. Биздин балдар аргасыздан кезектешип чек арада турушкан. Эми минтип аларды Тажикстандын жоокерлерди уурдап кетип жатат. Биздин балдарды таап бериңиздер! Бул жактагылар «бул иш биздики эмес» деп такыр карабай жатат. Сиздер ушул чек арага келип, абалды көрүп, бул боюнча тишелүү чара көрбөсөңүздөр эл кыйналып кетти», - деп белгилешти чогулган эл.
Белгилей кетсек, 24-апрелде эртең менен чек арага жакын жерде эки кыргыз жараны тажикстандык солдаттар тарабынан уурдалганы боюнча видео тараган. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиссия түн ичинде жоголгон өспүрүмдөргө издөө жарыялап, коңшу өлкө менен сүйлөшүү жүргүзөөрүн билдирген.
Булак: NazarNews.kg