www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын аймагында бүгүн, 24-апрелге караган суткада дагы 346 786 адам коронавирус менен катталганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Муну менен Индияда 3 күн катары менен суткалык дүйнөлүк рекорд жаңыланып жатат.
«Reuters» жарыялаган маалымат боюнча, борбор шаар Делиде ар бир төртүнчү мүнөттө COVID-19 дартынын кесепетинен 1 адам көз жумуп жатат. Өкмөт өлкөнүн алыскы аймактарынан жасалма дем алдыруучу аппараттарды жана башка зарыл болгон жабдыктарды Делиге жеткирүү үчүн аскердик учактарды, поезддерди да жардамга чыгарды. Башка шаарларда да таңкыстыктар бар.
Индияда бир суткада COVID-19 дартынын кесепетинен көз жумгандардын саны 2624 адамга жетип, өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч болду.
Индияда учурда жалпы 16,6 млн адамдан коронавирус тастыкталган. Алардын ичинен 189 544 бейтап көз жумду.
Булак: NazarNews.kg