www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адамга төрөлгөндө азан чакырып ат коюлат эмеспи. Ал эми анын турмуштагы жүрүм-туруму кулк мүнөзү ага эл элегинсн экчелип чыккан экинчи бир каймана ысымды ыйгарат. Ошол эле учурда мындай «кличкадан» эч ким качып кутула албайт. Болгону айрым бир каймана ысымдар ушундай таамай коюлса, айрымдары уккандын кулагынын кумарын жазып же тескерсинче куйканы куруштурат. Бирок, баары бир кандай болбосун эл тарабынан коюлган «кличка» түптүз чындык менен чырмалып, тамаша, азил менен аралаша таамай коюлат.
Каймана ысымга токтолуп атканыбыздын бир удулу келип турат. Эсиңерде болсо, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев тууралуу түркүн-түстүү кептер далайдан бери айтылып келет. Нарын районун башкарганга чейин Ак-Талаа районун башкарып жүргөндө Черикбаев укмуштуудай «кличкалуу» болуптур. Угуп алып боорубуз эзилгенче күлдүк. «Калк айтса, калп айтпайт» демекчи, эл ат койсо ал туура коюлган ат деп эсептей берсек болот. Аким Семетей мырзага Ак-Талаалыктар «Ургаачы тай» деген каймана ат ыйгарыптыр.
Эмнеге десеңиз, Черикбаев аким болуп турганда мектепке же башка тармакка кимдир бирөөнү жумушка киргизсе «ыраазычылык» үчүн тай алчу экен. Анан эркек тай жетелеп келсе, «Мага ушул тайды ургаачы кылып бериңиз» деген талабын да айтчу экен «акимбай». Учурда жылкылары үйүр-үйүр болуптур, эй! Анан баарына тараза болуп турган эл тигиндей каймана атты ыйгарып атпайбы. Асмандан эле таап алгандай коюшуптурда Ак-Талаалыктар! Учурда Черикбаев Нарын районунан эмнени «ургаачыга» алмаштырып атты болду экен? Ушул жагы абдан кызык болуп атат да. Эми бул райондон узаганда дагы кандай атка ээ болуп кетээр экен бул эргул?
Булак: “Де-факто”