www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Демилгечилердин бири депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, мыйзам долбоору курамында 39 адам кирген жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен республикадагы район акимдеринин жоопкерчилигин жана аларга болгон квалификациялык талаптарды күчөтүү сунушталууда. Ошону менен катар акимдердин кадрлар, жер жана башка ресурстарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктары жөнгө салынмакчы.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар Исхак Масалиев, Кенжебек Бокоев, Мыктыбек Абдылдаев долбоордогу бир катар жагдайларды тактап чыгышты. Мындан сырткары, депутат Кенжебек Бокоев жер ресурстарын башкаруу механизмдери жөнүндө маселеге токтолду. Ал эми депутат Аалы Карашев болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына сөзсүз реформа керектигин айтып, ошону менен бирге отчеттуулук менен жоопкерчилик маселелери дагы кошо каралышы зарылдыгын билдирди. «Мыйзамдын тили так жана жөнөкөй болушу керек. Мыйзам долбоорунда жалпыланган жагдайлар дагы бар экен»,- деген депутат Мирлан Бакиров долбоор боюнча бир катар сунуштарын ортого салды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте «КР айрым мыйзам актыларына (КР Жер кодексине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости