www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Акин Токталиевдин президент Садыр Жапаровдун жана анын мурдагы басма сөз катчысы Галина Байтеректин үстүнөн жазган арызы сотто каралат. Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 16-ноябрда караларын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.
Токталиев соттон келген чакыруу кагазын "Азаттыктын" кабарчысына көрсөтүп, арызы үч жолу артка кайтарылып, оңдоп-түзөтүүлөр менен төртүнчү жолкусунда, 14-октябрда кабыл алынганын айтты. Ал "Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагалык кызматынан негизсиз бошотулганмын" деп эсептейт.
"Кызматтан алганда президент менен ошол кездеги басма сөз катчысы (ред. Галина Байтерек) мени экстремистке теңеп коюшкан", - деген Токталиев кечирим суроону талап кылууда. Мурда "Азаттыкка" берген комментарийинде 100 миллион сом доо өндүрүүнү кааларын айткан эле.
Президенттик администрация буга комментарий бере элек. Азырынча Галина Байтеректен да комментарий алууга мүмкүн болбоду.
Акин Токталиевдин диний мазмундагы талаштуу билдирүүлөрү буга чейин талкууга түшкөн. Ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы кызматына 2020-жылдын 13-ноябрында дайындалып, 2021-жылдын 9-февралында бошотулган. Ал мурда Садыр Жапаровдун адвокаты да болгон.
Булак: NazarNews.kg