www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылдагы революциядан кийин бийлике келишкен жаңы билермандарыбыз: “ эми мындан ары жакшы жашоого бел байлайбыз. Биз жаңы системага өтүп жатабыз. Ошол жаңы парламенттик системабыз сөзсүз өз өбөлгөсүн берет” деп көпчүлүктү ынандырышкан. Көпчүлүк да ынанган. Бирок, жыйынтыгы жалпы элдин мүдөөсүн кандырган жок. Тескерисинче андан кийинки эки курамына (айрыкча 6-чакырылышына) мурдагы эле элди жийиркенткен, кыжырын кайнаткан адамдар келип алышты.
Натыйжада, күчтүү парламенттик система эмес, күчтүү пародиясы жаралды. Дал ушул парламенттик шайлоонун кесепетинен дээрлик журт башкаргандар ээрлеринен оодарылышты. Азыр саясий климат дагы, саясий конфигурация да өзгөрдү. Бирок, эки, үч, төрт режимдин тушунда элди итке мингизген “сууга салса чөкпөгөндөр”, кайра эле баратышат.
Позицияларын бир заматта өзгөртүп , кайсы бийлик болсо да алардын ырын ырдап берүүгө “дайым даяр” болушуп. Бул деген - тээ кезинде “Алга Кыргызстандан” тартып, ар бийлик доорунда ошол учурдун бийлиги ылым санаган партияларга учкашып жүргөндөр кайрадан келатышат дегендик...
Непадам эртең азыркылардын басмайылы кокус ээрден кыйшайса же баштарына чындап эле оор күн түшсө ириде биринчилерден болуп таштай качып кетчү ошолор. Аянычтуусу, арасында алыстан бүлбүлдөп көрүнгөн чырактай чыгармачыл, илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн он манжага толбогону гана баратканында. Негизинен, эгемендик алдык деген жылдардан бери эл ырыскысын жеп-жуткан системанын гүлдөшүнө Жогорку Кеңештин да күнөөсү бар деп айтууга негиз бар.
Айрыкча, 2010-жылдан бери башкаруучу коалицияны түзгөндөр “эшектин тушагын чечкенге да жарабаган” өкмөттү жаратышып, натыйжада, алар жараткан ошондой алсыз өкмөттүн катачылыгынын айынан карапайым элдин жашоосу дагы деле жабыркап келет... Азыркы кыргыз турмушунун бир трагедиясы ушунда белем!
Мындай сормо саздан чыгуунун жообу да, жолу да бирөө эле. Ал - качан гана парламентке таза, билимдүү, кесипкөй, чыныгы мекенчил адамдар басымдуулук кылмайын мамлекеттин алга жылуусу өтө арсар... А негизинен кандай гана система орнобосун Жогорку Кеңеш эл үнүн айта турган эң бийик трибуна.
Демек, тазалыктын тазалыгы, үлгүнүн үлгүсү дал ошол жерде болуш керек...болчу. Кыргызстандын тарыхында эгемендик алган жылдары түптөлгөн парламенттик корпус эмне үчүн легендарлуу парламент деп аталып калган? Маани-маңызын аңдап көрсөк! Бүгүн Кыргызстан ошондой парламенттик корпуска өтө муктаж болуп турат. Балким, бир жаралса ушунда жаралат. Эгерде, тандоону билбей талтайып кала берсек, антип отуруп акыры тарыхтын чаңында калбасак болду...
Кенжебек Арыкбаев, NazarNews.kg