www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коста-Рика АКШдан депортацияланган 200 мигрантты, анын ичинде Индия жана Борбор Азиянын бир нече өлкөлөрүнүн жарандарын кабыл алууга макул болгон. Биринчи рейс 20-февралда болду. Коста-Рикадан алар өз өлкөлөрүнө кайтарылат.

Бортто 135 мыйзамсыз мигрант болгон, алардын дээрлик жарымы жашы жете электер. Алардын арасында кеминде эки кош бойлуу аял бар, деп маалымдайт NBC News.

Коста-Риканын президенти Родриго Чавес депортациялангандардын арасында Өзбекстан менен Казакстандын, ошондой эле Индиянын жарандары бар экенин билдирди. Ал эми ички иштер министринин орун басары Омер Бадилья бул рейске Кыргызстан, Тажикстан, Вьетнам, Грузия жана Азербайжандан келген мигранттар да кирерин тактады. Ал «Депортациялангандардын өз өлкөсүндө өмүрүнө коркунуч жокпу, кылдат текшерилет» деп белгиледи. Алардын айрымдары Коста-Рикада качкын макамын алууга арыз бере алышат.

Президенттин айтымында, келгендер үч жумадан алты жумага чейин мигранттарды убактылуу кармоо борборунда болуп, андан соң мекенине кайтарылат. Бул процессте аларга мекеменин аймагынан чыгууга тыюу салынат. Репатриация процесси толугу менен АКШ өкмөтү тарабынан каржыланат жана эл аралык миграция уюмунун көзөмөлүндө болот.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин иммиграциялык саясатты катаалдатуу боюнча бир нече жолу пикирин билдирген. 20-январда президенттик кызматка киришкенден кийин Мексика менен чек арада өзгөчө кырдаал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. АКШнын Улуттук коопсуздук министрлиги Америкалык укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтип, мыйзамсыз мигранттарды тездетилген жол-жобо боюнча, башкача айтканда, иммиграциялык соттун чечимисиз депортациялоого мүмкүндүк берген.

Последние новости