www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык отставкадагы адмирал Жеймс Ставридис (согуштук деңиз флотунда эң жогорку наам. Ред) менен жазуучу Эллиот Акерман "2034: Келе жаткан дүйнөлүк согуш жөнүндө роман" китебинде алдыңкы 10 жылдыктагы масштабдуу дүйнөлүк кармашуу жөнүндө жана согуш кандай багытта болорун ачык жазышкан.
Авторлордун божомолунда, бул согуш буга чейинки болгон эки согушка окшошпойт.
"Эгер сиз алдыдагы согушта Америка Кошмо Штаттары мурдагыдай эле тизилген кемелерин, учактарын жана танкаларын алдыга коюп, жеңишти багындырат деп ишенсеңиз, анда АКШ жөн гана көз арткан абалда кала берет", - дешет алар.
Алардын пикиринде, кармаш 2034-жылы Түштүк Кытай деңизинде АКШ менен Кытайдын кагылышуусунан башталат. Бул, китептин Amazonго жарыяланган анонсунда белгиленгендей, "өтө кооптуу глобалдык чыр-чатакка" жол ачат.
Ставридис менен Аккермандын согуш тааласын алдын-ала божомолдогондой, пилотсуз учактар жана автономдуу пилотсуз аскер техникалары басымдуулук кылат. Ошондой эле, алар түздөн-түз аскердик аракеттер душман системаларына хакерлердин ири масштабдуу чабуулдары менен коштолот деп эсептешет.
Ал эми китепте келечекте армиядагы адамдар азыркыга караганда азыраак болот деп айтылган. Ошондой эле, Америка Кошмо Штаттарына элиталык атайын күчтөрдүн чакан топторун, алдыңкы биотехнологияларга негизделген комплекстер менен интеграциялап окутуу сунушталды.
Булак: NazarNews.kg