www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токио-2020: COVID-19 болгондордун саны 148ге жетти

Токио-2020 Олимпиадасында коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 148ге жетти. Бул тууралуу уюштуруу комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы вирус жуктурган 15 адамдын 3өөсү сырттан келген спортчулар. Алар Харуми олимпиадалык районунан тышкары жайгаштырылган. Ошондой эле, COVID-19 болгондордун арасында 8 расмий кызмат адамы жана 4 келишимдик кызматкер карантинге алынгандыгын кошумчалады.

Эске салсак, Токио-2020 олимпиадасы 21-июлда башталып, расмий ачылышы 23-июлда болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости