www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Ошто «Женгонун» жан сакчысы кармалды

Ош облусунда «положенец» – криминалдык чөйрөдө «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досоновдун айдоочусу жана жан сакчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери 23-июлда Ош облусунун 1995-жылы туулган тургуну М.А.ны кармашты. Ал – Досоновдун айдоочусу жана жан сакчысы. Ошону менен бирге ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоого алынган жана буга чейин соттолгон.

Милициянын маалыматына караганда, 10-июлда М.А. шериктери менен бирге кафенин алдында Куршаб айылынын тургунун бычак менен коркутуп, барсеткасын тартып алышкан. Барсеткада 1 миң 600 доллар жана 48 миң сом бар болчу.

Аталган факт Жазык кодексинин 266-беренеси менен (Ээнбаштык) КЖБРга катталган.

М.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости