www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Акматбек:

Биз таш дооруна кеттик. Мындай пикирин жарандык активист Руслан Акматбек айтты.  

--"Коңшу өлкө Казакстанда кечээ, 25-июлда айыл акимдерин түз шайлоого өттү. Шайлоо алдындагы жымжырттык күнү президент Касым-Жомарт Токаев "Социалдык баракчасына "бул окуя саясий модернизациянын жаңы баскычынын белгиси" деп жазды.

Ал эми биз тескери кеттик. Таш дооруна", - дейт активист. 

Кошумчалай кетсек, Казакстанда 730 шайлоо округунда айыл акими кызматына эки миңден ашык талапкер катышып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 1419 талапкер өзүн көрсөтсө, 878 киши саясий партиялардын жарышка чыкты. 

Казакстанда акимдерди түз шайлоону коомчулук талап кылып келген. Токаев 2020-жылдын сентябрь айында ушундай ыкмада шайлоо болорун билдирген. 2021-жылдын май айында мыйзам өзгөртүлгөн.

Ал эми Кыргызстанда жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык акимдерди президент кызматка дайындап, бошотот. Буга чейин бул укук өкмөт башчыда болгон.

Май айында эле президент Садыр Жапаров район акимдерин эң ири ротация кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости