www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ аскерин чыгарып кетсе, Ооганстан эмне болоор экен?

АКШнын президенти Жо Байден 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири террордук кол салуунун 20 жылдыгына карата Ооганстандан бардык америкалык аскерлерди чыгарып кетет.
Бул тууралуу “Washington Post” гезити жана “Reuters” кабар агенттиги өз булактарына таянып маалымдашты. Ошентип, бул чечим аркылуу Америка жүргүзгөн эң узак согушка быйыл күзүндө чекит коюлмакчы.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин да бул чечимди Брүсселдеги НАТО боюнча ынтымакташтарга 14-апрелде расмий билдириши күтүлүүдө.
2001-жылы террорчулукка каршы АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстанга басып киришкен жана “ал-Кайида” террорчу уюмун калкалаган талиптердин Кабулдагы режимин ойрон кылышкан.
АКШнын мурдагы президенти Доналд Трамптын өкмөтү учурда Ооганстандын мыйзамдуу өкмөтүнө каршы согуш жүргүзүп жаткан талиптер кыймылы менен былтыр сүйлөшүү жүргүзүп, америкалык аскерлерди 2021-жылдын 1-майына карата бул өлкөдөн чыгарып кетүүгө убада кылган.
Талиптер өлкөнүн ички көйгөйлөрүн Кабул менен тынчтык сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечүүгө макулдук берген.
Учурда Ооганстанда кеминде 2500дөй АКШ жоокери бар. Аларды НАТОго мүчө өлкөлөрдүн 7000дей жоокери колдоого алып келет.

Мырзакат Тыналиев, журналист

Последние новости