www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош — Баткен жолунда жеңил автоунаа оодарылып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын видеосу «Короче» Тelegram-каналына жарыяланган.

Маалым болгондой, окуя 14-апрель күнү, саат 15:30дар чамасында Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө катталган. Анда BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Кызыл-Кыядан Баткен шаарын көздөй бараткан.

«Айдоочу саатына 80 чакырым ылдамдыкта баратып, рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа оодарылып, жол четине чыгып кеткен», - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кырсык болгон учурда автоунаанын ичинде айдоочудан тышкары дагы бир жүргүнчү болгон. Азыр анын өздүгү такталууда. Көлүк айып короого киргизилип, кырсыктын себеби иликтенип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости