www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда азыр коронавирус боюнча абал оңой эмес. Бул тууралуу 14-апрелде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкекте ыктыярчы уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтты:

«Абал оңой эмес, бирок көзөмөлдө. Күч жана каражат азырынча толук жетиштүү. Силердин жардамга муктаждык жаралбайт деп ишенгим келет», - деди Новиков.

Ыктыярчылар менен жолугушуу Бишкек мэриясында вице-мэр Айжан Чыныбаеванын катышуусу менен өттү.

Чыныбаева ыктыярчылар медицина кызматкерлери, автомашинасы менен жардам берчүлөр, тамак жагынан колдоо көрсөтө тургандар жана «кызыл зонада» иштей турган деген төрт топко бөлүштүрүлүп, зарылчылык болсо иш ошого жараша жүргүзүлөрүн айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жугузуп алгандар жана каза болгондор көбөйүүдө. Алардын көбү Бишкекте жана Чүйдө. Расмий маалыматка караганда, оору жуккандар өлкөдө 90 миңден, каза тапкандар 1,5 миңден ашты.

Ал эми коронавирустун биринчи толкуну 2020-жылдын жай айларына туш келип, ыктыярчылар элге жана дарыгерлерге чоң жардам беришкен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости