www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жо Байдендин өкмөтү Кубадагы АКШнын Гуантанамо аскер базасындагы түрмөнү жабууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу жума күнү (12-февралда) Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Жен Псаки билдирди. Түрмөлөрдөгү шарттар укук коргоочулар тарабынан бир нече жолу кескин сынга алынган.

«Америка үнү» абактын жабылышы – бул, албетте, жаңы президенттик администрациянын «максаты жана ниети», - деп айткан Псакинин сөзүнө шилтеме кылды.

Террорчулукка шектелген кишилерди кармоочу жай АКШнын Кубадагы аскер базасында 2002-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуул окуяларынан көп өтпөй ачылган. Аны АКШнын 44-президенти Барак Обама биринчи мөөнөткө президенттикке шайлоо өнөктүгү учурунда эле жаап салууга убада берген. Байден анын администрациясынын вице-президенти болгон. Укук коргоочулар түрмөдөгү кишилерге карата кыйноо ыкмалары колдонулгандыгын жана алардын укуктук макамы АКШда камакка алынгандар менен бирдей эместигин сындап келишкен.

2019-жылы «Нью-Йорк Таймс» гезити Гуантамодогу абакты «дүйнөдөгү эң кымбат түрмө» деп атаган. Мында кармалган 40 шектүүнүн ар бири өкмөттүк бюджетке жылына 13 миллион долларга жакын чыгым алып келген.

Мурдагы президент Доналд Трамп бул чыгымдарды «акылга сыйгыс» деп баалаган, бирок анын өкмөтү да бул абакты жапканга барган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости