www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапкерлери 14-февралда аны колдоо иретинда нааразылык чараларын өткөрүп жатышат. Анын алкагында, саясатчынын абактан бошотууну талап кылгандар бүгүн ар чөлкөмдүн жергиликтүү убакыты боюнча 20.00дө жапырт түрдө уюкфонду (чөнтөк телефонун) же кол чырактарды асманга каратып, күйгүзүшү керек. 15 мүнөткө созулган флешмоб нааразылык чарасына катышкандар сүрөтүн интернеттеги коомдук тармактарга жайгаштырышы абзел.

Ушул убакытка чейин Орусиянын Ыраакы Чыгыштагы Петропавловск-Камчатск, Сахалин жана Владивосток сыяктуу шаарларында флешмоб өттү. Бул нааразылык чарасына канча киши катышканы азырынча белгисиз.

Навальныйдын тобу 14-февралда белгиленчү Ыйык Валентин күнүндө «Сүйүү - коркуудан күчтүрөөк» деген ураан менен бийликке каршылыгын билдирүүнү чечкен.

Бул ортодо орус бийлиги бул нааразылык чаралардын мыйзамсыз экендигин жана аларга катышкандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн алдын ала эскерткен.

Белгилей кетсек, 12-февралда «Роскомнадзор» мекемеси жалпыга маалымдоо каражаттарын пландалып жаткан нааразылык чарасы тууралуу кабарларды өчүрүүгө буйрук берди, ал эми прокуратура Навальныйдын айрым аймактардагы штабдарына бул чараны уюштурчу болсо, жоопко тартылары боюнча эскертүү жөнөттү.

Путиндин келишкис сынчысы, 44 жаштагы Навальный 17-январда Берлинден дарылануудан келээри менен кармалган.

Эскерте кетсек, 2-февралда Москва соту анын «Ив Роше» иши боюнча шарттуу жазасын катаалдаштырып, дээрлик үч жылга кести. Анын камалышына каршы буга чейин Орусиянын ондогон шаарларында эки ирет ири нааразылык жыйындары өтүп, анын жүрүшүндө миңдеген кишилер тартип сактоо кызматкерлери тарабынан кармалды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости