www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйынында, Иран жакынкы келечекте Израилге жооп кайтарабы же жокпу деген суроого баа берди.

АКШда 5-ноябрда боло турган президенттик шайлоо алдында Ирандын кол салуу ыктымалдуулугуна байланыштуу Жан-Пьер: «Иран Израилдин жооп кайтаруусуна жооп кайтарбашы керек, муну кылбашы керек. Эгер алар жооп кайтарууну чечсе биз Израилдин өзүн коргоосуна көмөк көрсөтөбүз бирок Иран Израилге жооп кайтарбашы керек»,-деди.

Израилдин Ливанга кол салууларына токтолгон Жан-Пьер, Көк сызык боюнча дипломатиялык чечим табылышы керектигине ишенгендерин жана бул үчүн аракет кылып жаткандарын айтты.

Эске сала кетсек, Иран жакында Израилге жооп кайтарат. ТАССтын билдиргенине караганда, мындай билдирүүнү Ислам революциясынын сакчылары корпусунун командачысынын орун басары Мохаммад Реза Нагди билдирди.

Ирандын жакынкы күндөрдө Израилге сокку берери белгиленген.

Эске сала кетсек, 26-октябрга караган түнү Израил Иранга чабуул койгон. Аксиостун айтымында, соккулардын натыйжасында баллистикалык ракеталардын маанилүү компоненттери, ошондой эле Иран катуу отун жасоо үчүн чет өлкөдөн импорттогон кээ бир кошулмалар жок кылынды.

Sky News Arabia телеканалынын маалыматына ылайык, израилдиктер Ирандын ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн калыбына келтирүүгө бир жыл керек деп эсептешет. Персиялыктар Израилдин соккулары Ирандын аскерий потенциалына таасир эткен жок деп ырасташкандыгын трт.нет жазып чыкты.

 

Последние новости