www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндөгү мектепке абадан кол салуусунда, алгачкы белгилөөлөргө караганда 33 адам көз жумду.

Оппозициячылдарга жакындыгы менен билинген борбору Лондондо жайгашкан Сириянын Адам укуктарына байкоо салуу үйүнүн билдирүүсүндө, Мансура аймагында карапайым жарандар баш калкалаган мектептин абадан бомбаланганы белгиленди.

Байкоо салуу үйүнүн башчысы Рами Абдуррахман: «Кол салуудан 33 кишинин каза болгонун ырастай алабыз. Көз жумгандар Ракка, Халеб жана Хомстон качкан жарандар эле»,- деди.

АКШнын Борбордук күчтөр командирлиги 17-мартта да Идлибде Аль-Каидага таандык жердин бомбаланганын жана көп сандаган террористтин жок кылынгандыгын айтып, андан соң бутага алынган аймактын Халебдин Жина айылындагы мечит болгону, каза тапкандардын болсо карапайым тургундар экени аныкталган болчу.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости