www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу бир күн мурун Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугуна барды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде туристтик жана студенттик визалардын мөөнөтүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын АКШда ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, башкы консулдукта америкалык дипломат менен АКШдагы кыргыз диаспорасынын жана бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө компаниялардын бири Кыргызстандын жарандары үчүн АКШда ишке орноштуруунун алгылыктуу формаларын өнүктүрүүгө багытталган презентациясын көрсөттү.

Жолугушуу ачык, конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости